Алмаз Турдумамбетов 24.kg агенттигинин жаңы кожоюну болду

Алмаз Турдумамбетов 24.kg агенттигинин жаңы кожоюну болду

24.kg маалымат агенттигинин негиздөөчүсү журналист Алмаз Турдумамбетов болду. Бул тууралуу Facebook баракчасына агенттиктин башкы директору Асел Оторбаева жазды.

Анын айтымында, медианы сатуу, ишин токтотуу же башка бирөөнүн башкаруусуна өткөрүп берүү чечими бир жыл мурда кабыл алынган.

“Эч кандай рейдерлик болгон жок. Алмаз Турдумамбетов менен көптөн бери сүйлөшүү жүргүзүп келгенбиз. УКМК козгогон кылмыш иши жана тинтүүлөргө байланыштуу созулуп кетти. Аны мурдатан тааныймын. Бизде иштеп кеткен. Анын 24.kgге каршы козголгон кылмыш ишине эч кандай тиешеси жок”, — дейт Асел Оторбаева.

Асел Оторбаеванын билдирүүсүндө, редакциялык саясат өзгөрбөйт.

Алмаз Турдумамбетов «Бешинчи каналда» иштеп, андан кийин Курманбек Бакиевдин маалымат кызматын жетектеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: медиа

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>