Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Москвада кыргыз жаранына Крокус Ситидеги теракт жөнүндө сөзү үчүн иш козголду
03.04.2024 | 09:20
Москвада Крокус Сити Холл концерттик залында болгон теракт жөнүндө телефон аркылуу айткан сөздөрү үчүн Кыргызстандын жараны А.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Ага каршы кылмыш иши козголуп, РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү менен “Терроризмди ачык актоого” айыпталууда.
Министрлик тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөттү. Маселе Кыргызстандын РФдагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат.
Эскерте кетсек, 22-мартта «Крокус Сити Холл» концерттик залында куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 140ка жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом