Кыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарКР Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Астанадагы саммитте балдардын ден соолугун жана БА аймагындагы медицинаны талкууладыБишкектин жеке мектептеринде окуу алдыңкы ЖОЖдорго караганда бир нече эсе кымбат экени белгилүү болдуКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Ирандын элчиси Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулаштыӨлкөдө жаан жаайт: 23-апрелге карата аба ырайыКыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылды
“Акүйдүн” алдындагы тосмонун бир бөлүгү темирге сатылган
03.04.2024 | 12:17
“Алтын балалык” реабилитациялык балдар борборуна жумшалган акчанын 150 миллион сому ашыкча чыгым болгон. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.
Анын айтымында, “Алтын балалыктын” азыркы директору борборду оңдоо иштеринен кийин кабыл албай, тийиштүү кагаздарга кол койбой жатат.
“Балдар борборуна келген эмеректерди Бейшеналиев (Саламаттыкты сактоо министри) үйүнө ташып кетиптир. Андан тышкары “Акүйдүн” айланасынан алынган темир тосмолорду алып барып “Алтын балалык” тосуп, калганын кескилеп темирге сатып жибериптир”, – дейт депутат.
Жусупбек Коргонбай уулу УКМК сот-медициналык экспертиза, Тез жардам кызматына келген унааларды колдонуу маселелерине дагы көңүл бөлүүгө чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом