15 батир, 1 миллион долларга автопарк. Бейшеналиевдин байлыгы тууралуу айтылды (видео)

15 батир, 1 миллион долларга автопарк. Бейшеналиевдин байлыгы тууралуу айтылды (видео)

Министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо тармагында туруктуу коррупциялык түзүм түзүп алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.

Анын айтымында, Кардиология борборундагы операциялардан алынган акчанын бир бөлүгү Эльмира Тукушева деген дарыгер аркылуу жеткирилип турат.

«Ал эми Ошто анын «капчыгы» Шаетбек Абдрахманов. Ал аркылуу 5 мин -45 миң доллар алып турат. Ош облустук оорукананын башкы дарыгери батирин сатып, 45 миң доллар бериптир. Анан ал бөлүм башчыларга ал акчаны бир кварталда топтоп берүүнү талап кылыптыр», — дейт депутат.

Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, Жайыл аймактык ооруканасынын жетекчиси Анарбек Ниязбеков менен кримчөйрөнүн өкүлдөрүнө операция жасап келген.

«Эми аны кримчөйрө менен күрөштө жумуштан алып, ордуна уулун коюп коюптур», — дейт депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, Алымкадыр Бейшеналиев министр болуп турган кезде байып, оффшордук зоналарга акчасын которууда.

«1,8 миллиард сом вакцинага бөлүнгөн акчаны оффшорго которгон. Анын мүлкүнүн 90 пайызын министр болуп турган кезде алган. «Эра констракшн» компаниясынан 15 элиталуу батир сатып алган. Аны эки аялына, балдарына жаздырган. Экинчи аялынан 2 кызы бар. 20 ашык люкс автомобилден турган автопаркы 1 миллион доллардан ашыкка бааланат. Бул жакын адамдарына катталган мүлкү. Алыс,  үчүнчү тарапка катталгандарын айтпай эле коелу. Уулу Мар Бейшеналиевдин кантип 3 пансионатка ээ болгонун өзүнчө текшерип чыгыш керек», — дейт Жусупбек Коргонбай уулу.

Депутат министрдин илимий иштерин дагы текшерип чыгууну сунуштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>