«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюштуКыргызстан БУУда гендердик квоталоо жана Фергана өрөөнүндөгү тынчтык боюнча баяндама жасадыБишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталуудаТургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтЭнергетика министри 2030-жылга чейин электр энергиясынын баасынын өсүү графигин ачыктады
Мамкызматтагы дарыгерлердин орточо маянасы 23 миң сомду түзөт
04.04.2024 | 15:54
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында медицина кызматкерлеринин айлык акысы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, административдик бөлүмдүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2020-жылы 9,6 миң сом, 2021-жылы 14,4 миң сом, 2022-жылы 14,6 миң сом жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түздү.
Быйыл дарыгерлердин орточо айлык акысы – 23,5 миң сом, орто звенодогу дарыгерлердики – 19,1 миң сом жана төмөнкү звенодогу дарыгерлер – 13,6 миң сом алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом