Бишкектеги жол тыгын. Айрым мектептердин ишин саат 7де баштоо сунушталууда

Бишкектеги жол тыгын. Айрым мектептердин ишин саат 7де баштоо сунушталууда

Бишкекте жол тыгын маселесин чечүүнүн бир жолу катары мектептердин ишин саат 7де, кээ бир мекемелердикин саат 10до баштоо сунушталууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында депутат Руслан Жакышов борбор калаада жол тыгын маселесин жөнгө салуу үчүн кандай иштер аткарылып жатканын сурады.

Жапаров билдиргендей, тыгын маселесин чечүүнүн алкагында шаар бийлиги Бишкектин ортосунан өткөн темир жол аркылуу 8 өтмөк салууну пландоодо.  Ошондой эле шаарда күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынды.

Аны менен бирге мэрия шаардагы мектеп, мекемелердин иш убактысын өзгөртүүнү сунуштоодо.

«Айрым мектептерде сабактар 7де, көп киши иштеген мекеме-ишканаларда жумуш 10до башталсын деген сунуш бар. Мен муну колдоп жатам. Азыр графиктердин үстүндө иштеп жатабыз», — деди ал.

Жапаровдун айтымында, Бишкекте жол тыгындар 3 жылдын ичинде жоюлат.

Эскерте кетсек, Бишкектеги мектептерде сабактар саат 07:30да, 08:00до башталат. Ал эми мекеме-ишканалардын көбүнүн жумушу саат 09:00до башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>