Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Мамкызматтагы дарыгерлердин орточо маянасы 23 миң сомду түзөт
04.04.2024 | 15:54
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында медицина кызматкерлеринин айлык акысы боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, административдик бөлүмдүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2020-жылы 9,6 миң сом, 2021-жылы 14,4 миң сом, 2022-жылы 14,6 миң сом жана 2023-жылы 20,2 миң сомду түздү.
Быйыл дарыгерлердин орточо айлык акысы – 23,5 миң сом, орто звенодогу дарыгерлердики – 19,1 миң сом жана төмөнкү звенодогу дарыгерлер – 13,6 миң сом алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом