Суусамырдагы алтыкананы жок кылуу үчүн төөнү колдонуу сунушталды (видео)

Суусамырдагы алтыкананы жок кылуу үчүн төөнү колдонуу сунушталды (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында Суусамырдагы жерлерди каптап жаткан алтыкана тикендүү балады жок кылуу маселеси көтөрүлдү.

Отурумда депутат Тазабек Икрамов Суусамырда алтыкана рак илдетиндей эле жайылып жатканын айтып, ал боюнча айыл чарба министрлиги кандай иштерди алып барып жатканын сурады.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев билдиргендей, алтыкананын дарылык касиети бар деген алдын ала маалымат болгондуктан, алар учурда изилдөө жүргүзүүдө. Ал үчүн 770 миң сом бөлүнгөн. Төрөбаев белгилегендей, эгер алтыкана дары чөп деген маалымат такталса, алар аны өз багыты боюнча иштетет.

«Эгер такталбаса, биз ал өсүмдүктү жыйнап, тоют максатында колдонобуз», — деди ал.

Ошондой эле ал акыркы жылдары «алтыкана көбөйүп кетти» деген сөз туура эмес экенин айтты.

«Акыркы 10 жылда спутниктен тартылган сүрөттөрдү карасак, андй деле көп жайылбаптыр. Болгону азыркы күнү эл көбүрөөк көңүл бургандыктан, «алтыкана көбөйдү» деген сөздөр болуп жатат», — деди министр.

Сөзүн улай ал алтыкананы механикалык жол менен жок кылууну колдой турганын, химиялык жол менен жок кылууга каршы экенин билдирди.

Андан кийин депутат Икрамов алтыкана менен күрөшүү үчүн төөнү колдонууну сунуштады.

Төрөбаевдин айтымында, аларга буга чейин айрым компаниялар келип, алтыкана менен күрөшүү үчүн төө алып берүүнү сунуштаган.

«Алар бизге «төө алып белгиле» деди. Биз төө алып бере албай турганыбызды айттык», — деди ал.

Министрдин айтымында, алар аталган компанияларга өздөрү төө сатып алып, анын алтыкана менен күрөшүүдө кандай натыйжасы болорун текшерип көрүүнү сунуштаган.

«Эгер ал иштин жыйынтыгы болсо, ошондо сүйлөшүүгө макул экенибизди билдирдик», — деди ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>