24-февралга карата аба ырайыБишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылды
Бишкектеги дарыканада аял кишинин телефонун уурдаган шектүү кармалды (видео)
12.04.2024 | 18:11
Бишкекте телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 6-апрелде Бишкектеги дарыканалардын биринен белгисиз жаран аял кишинин 100 миң сомдук iPhone 14 телефонун уурдап алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция бул ишке шектүү катары 37 жаштагы Н.А. аттуу жаранды кармады.
Учурда иликтөө иштери уланууда.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(704) 434 666 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.