Сокулукта 13 жашар кызды зордуктоого шектелгендердин жетөөнө айып тагыла элек

Сокулукта 13 жашар кызды зордуктоого шектелгендердин жетөөнө айып тагыла элек

Сокулукта 13 жашар кызды зордуктаган 9 эркектин экөөнө гана айып тагылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жактоочу Айсулуу Ибраимова билдирди.

Кылмыш иши Сокулук райондук сотунда каралат.

Жактоочунун айтымында, кылмышка шектелген калган жарандар боюнча ишти тергөө өзүнчө бөлүнүп алынып, Чүй облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү.

«Алар юридикалык баа бериши керек», — дейт Айсулуу Ибраимова.

Эскерте кетсек, 20-мартта Акыйкатчы институту Сокулукта 9 эркек 13 жаштагы кызды дээрлик бир жыл зордуктап келгени тууралуу билдирген. Аларга кыздын ата-энеси кайрылып, милиция кылмышкерлерге чара көрбөй жатканын айтышкан. Ошондой эле шектүүлөрдүн туугандары тарабынан кыздын үй-бүлөсүнө коркутуу-үркүтүүлөр болуп келген.

Бул окуя боюнча милиция үн катып, укук коргоо органдары чара көрбөй жатат деген билдирүүгө жооп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>