Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды
Ысык-Көлдүн жээгинде унаа айдаган жаран айыпка жыгылды (видео)
13.04.2024 | 11:15
Ысык-Көлдүн жээгинде унаа айдаган айдоочуга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык тармактарда Jeep Wrangler үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ысык-Көлдүн жээгине чейин унаасын киргизип, айдап бара жаткандыгы тартылган видео тараган.
Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаанын ээсин табышкан, ал 1993-жылы туулган А.А. аттуу айдоочу экендиги аныкталган.
Укук бузуу кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ага 15 000 сомго айып салынган. Айдоочу кылган туура эмес жоругун мойнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар