Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жатканда кармалды (видео)

Ноокат РИИБдин тергөөчүсү пара алып жатканда кармалды (видео)

Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Ош облусунун Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т.га  карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган К.Х.Т. жабырлануучунун жеке-ачык айыптоосун колдоодон баш тарткандыгы тууралуу каршы билдирүүсүнө карабастан бейбаштык боюнча материалдар боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 000 сом өлчөмүндө пара талап кылган.

28-мартта УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ноокат районунун имаратынын жанында 40 000 сом пара алып жаткан жеринен Ноокат РИИБдин тергөөчүсү, милициянын капитаны К.Х.Т. кармалды.

Окуя болгон жерди кароонун натыйжасында, кармалган жарандын унаасынын салонунан пара катары арыз ээси тарабынан берилген 40 миң сом акча каражаты чүпүрөккө оролгон абалда табылган.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп, кармалган К.Х.Т. Ош шаардык сотунун чечими менен 27-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>