Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат

16.04.2024 | 12:24

Ош шаарында социалдык дүкөн ачылат. Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашат.

Объект Нурматов көчөсүндөгү иштебеген соода күркөлөрү жайгашкан жерде ачылат.

Дүкөндө социалдык маанидеги товарлар өздүк наркы менен сатылат. Жарандар азык-түлүктү өз баасында сатып алуу үчүн социалдык абалын тастыктаган документин көрсөтүшү керек болот.

Scroll to Top