АКШ Кыргызстандын жарандары үчүн виза алууга талаптарды күчөттүКыргызстанда мектеп формасы өзгөрбөйтМосквада мигранттар үчүн «Амина» тиркемеси ишке кирет“Жеңиш” чокусундагы куткаруу операциясына жөнөтүлгөн ӨКМдин тик учагы кайтып келдиКөптөгөн кыргызстандыктар акыркы күндөрү туура эмес акча кармалып, карталарынын бөгөттөлүшү менен туш болуштуКыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейт
Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдар Кыргызстанга келишти
27.04.2024 | 10:20
Кытайдын Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясы ооруканасында жүрөгүнө операция жасалган кыргызстандык 10 бала Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Операция “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында жасалды.
Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган жана достору тосуп алышты.
Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар