Бишкекте уурулукка шектелип издөөдө жүргөн адам кармалды

03.05.2024 | 11:50

Бишкекте уурулукка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, былтыр 19-июлда аларга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, шаардагы соода борборунун биринде белгисиз адам 20 миң сомдук Infinix Note 30 телефонун уурдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон.

Арадан 8 айдан ашык убакыт өткөндөн кийин шектүү катары 40 жаштагы П.А. аттуу жаран кармалды. Ал убактылууу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Scroll to Top