7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктады
Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасынан байгелүү кайтты
07.05.2024 | 09:00
Кыргызстандык окуучулар Балкан математикалык олимпиадасында 1 күмүш, 3 коло медаль жана 2 ардак грамотага ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
27-апрелден 2-майга чейин Болгариянын Варна шаарында өткөн 41-Балкан математикалык олимпиадасына 22 өлкөнүн окуучулары катышкан.
Байге алган окуучулар:
- Ян Бобрус, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу – күмүш медаль;
- Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары – коло медаль;
- Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейийнин 10-классынын окуучусу – коло медаль;
- Назар Кыргызбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 10-классынын окуучулары – ардак грамота.
Окуучуларды олимпидага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом