Былтыр Ош облусунда карактоо максатында жасалган куралдуу кол салууга шектелип дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Шектүү катары И.С. аттуу жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 27-январда Кара-Суу районундагы турак үйлөрдүн бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы менен келип, үй ээсин карактоого аракет кылышкан. Үй ээси «Тайота Ленд Крузер 200» унаасын айдап чыгып баратканда, кылмышкерлер унааны көздөй ок чыгарышкан. Натыйжада эки адам октон жараат алып, ооруканага түшкөн. Ал эми карактоону көздөгөн кылмышкерлер эч нерсе алып кете албай калган.
Ошол эле жылы 25-апрелде Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталган. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен.
Кийинчерээк аталган иштерге шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алардын арасында Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бар. Кармалгандардан көп сандагы курал-жарак, анын ичинде автоматтар, пулеметтор, гранаталар табылганы кабарланган. Шектүүлөрдүн арасында террордук уюмдун мүчөлөрү болгон.
Милиция Ош облусундагы куралдуу кол салуу менен 3,6 млн сомду карактоону бир кылмыштуу топ уюштурган деген версияны айткан.
Ал эми 17-майда Чүйдүн Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралчан террористти (өздүк булактар билдиргендей, ал каракчылыкка шектүүлөрдүн бири болгон, мурда Сириядагы куралдуу кагылышка катышкан деген маалымат бар) кармоо операциясын өткөрүшкөн. Аны кармоо учурунда террорист делген адам куралдуу каршылык көрсөткөн. Натыйжада ал жок кылынган.
Кара-Суудагы кол салуу, 3,6 млн сомдун каракталышы: Кылмыштуу топ кармалды