Кара-Суудагы куралдуу каракчылык: Эки бейтаптын абалы айтылды

Кара-Суудагы куралдуу каракчылык: Эки бейтаптын абалы айтылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда, 27-январда куралдуу карактоо учурунда октон жараат алып ооруканага түшкөн эки жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу Reporter.kg’ге бейтаптар дарыланып жаткан ооруканадан билдиришти.

Ооруканадан белгилешкендей, алар бейтапканада болжол менен дагы 10-15 күн дарыланышат.

«Бутунан жараат алган бейтаптын абалы туруктуу. Анын кашка жилиги сынган. Ичинен жараат алган экинчи бейтаптын да абалы  туруктуу. Анын ички органдары жабыркаган эмес. Алар ооруканадан качан чыгарын так айта албайбыз. Болжол менен дагы 10-15 күн ооруканада жатат», — деп билдиришти бейтапканадан.

Эскерте кетсек, 27-январда куралдуу каракчылыктан кийин жарадар болгон эки адам ооруканага түшкөн. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар «Мерседес-Бенц-Вито» үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн «Тайота Ленд Крузер 200» үлгүсүндөгү жол тандабас унаасын айдап чыгып баратканда, аларга карата ок чыгарышкан.

Алардын аткан огунан 2 жаран жарадар болгон. Ошол эле күнү саат 22:11 чамасында жаракат алган 32 жаштагы  М.А. (ич тарабына) жана 21 жаштагы Т.А. (бутуна ок тийген) медициналык жардам сурап ооруканага кайрылышкан. Алар ооруканага жаткырылган.

Аталган  факты боюнча Кылмыш кодексинин 207-беренесинин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 23:21 чамасында «Мерседес-Бенц-Вито» унаасы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн көпүрөдө токтоп турган жеринен табылган.

Ош облустук милициясы Reporter.kg’ге билдиришкендей, учурда кол салган адамдар кармала элек, аларды издөө иштери уланууда.

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта эки адам жарадар болду. Чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>