Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталды

Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталды

Ошто акча алмаштыруучу жайдан 3,6 млн сом каракталды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-апрелде саат 08:10до чамасында болгон. Тапанча көтөрүп, беткап тагынган эки адам Курманжан Датка көчөсүндөгү акча алмаштыруучу жайга кирип келип, ал жакта иштеген 59 жаштагы Х.Б. аттуу жаранды сабап, 3,6 млн сом акчаны алып кеткен. Андан кийин аларды күтүп турган Daewoo Nubira унаасына отуруп, качып кетишкен.

Сабалган жаран ооруканага кайрылган.

Окуядан кийин жерине милиция кызматкерлери барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар, далил буюмдар топтолгон. Аны менен бирге экспертизалар дайындалган.

Аталгнан фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүмү (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда кылмышкерлер изделүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>