Ак-Сууда өзүн-өзү өрттөгөн аялдын артында төрт бала калды. Акыйкатчы ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирдиСадыр Жапаров «Ынтымак Ордодо» республикалык кеңешме өткөрөтТөө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлдуПакистан менен Ооганстандын ортосунда аскердик кагылышуу күч алдыУлуттук госпиталда бөйрөктү акысыз алмаштыруу боюнча операция жасалдыБүгүн Албаниядагы рейтингдик турнирде Кыргызстандан беш балбан күч сынашат
Былтыр өлкөдө 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган
21.05.2024 | 11:06
Былтыр 2022-жылга караганда үй-бүлөлүк зомбулук 32,6%га көбөйгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынындагы баяндамасы учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9 миң 880 учур катталса, 2023-жылы андай фактылар 13 миң 104кө жеткен (3 миң 224кө көбөйгөн же 32,6%га). Мурдагы жылы зомбулукка кабылгандарга 8 миң 225 коргоо ордери, 2023-жылы 10 миң 884 ордер берилген.
Былтыр Кыргызстанда 187 аял жана 185 бала өз жанын кыйган. Мындай кейиштүү көрүнүштөр көбүнчө үй-бүлөдөгү зомбулук менен байланыштырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом