Камчыбек Ташиевдин уулу Кыргызстандын футбол курамасына чакырылды

24.05.2024 | 12:56

Бүгүн, 24-майда Кыргыз футбол биримдиги дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттештерге даярдануу үчүн кураманын окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 6-июнда Малайзия жана 11-июнда Оман менен ойнойт.

Кеңейтилген тизмеге жалпы 33 футболчу кирген. Курамага чакырылган оюнчулардын арасында УКМКнын төрагасы, Кыргызстан футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин уул Эмир-Хан Кыдыршаев да бар.

33 оюнчудан турган команда машыгууларын Жалал-Абаддагы Барселона академиясында өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйыны 27-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталат. Белгилей кетсек, окуу-машыгууларынын жыйынтыгы менен курамага 23 оюнчу кирет.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевдин уул Эмир-Хан Кыдыршаев 19 жашта. 2019-жылы ал италиялык Паоло Росси футбол академиясына өткөн. Кийинчерээк испаниялык “Леванте” футбол клубунун академиясында машыга баштаган. 2022-жылы Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселонанын” жаштар курамасынын катарына киргени кабарланган.

[image_carousel source=”media: 209922,209923″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top