Таластагы 3 адамдын өлүмү. Агасы инисинин үй-бүлөсүнөн өч алгандыгы айтылды

Таластагы 3 адамдын өлүмү. Агасы инисинин үй-бүлөсүнөн өч алгандыгы айтылды

Таластагы жаш келиндин 2 баласы менен өлүмүнө бир туугандардын ортосундагы мүлк талаш себеп болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелген 48 жаштагы К.Н. 2018-жылы 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал анда өз иниси (К.М.) менен мүлк талаш чырынан улам, бир тууганына бычак менен кол салган. Сот аны адам өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы менен күнөөлүү деп тапкан. К.Н. 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан.

Кечээ, 23- май түнү ал саат 23:00 чамасында инисинен өз алуу үчүн анын үйүнө барган. Бирок К.М. үйүндө жок болгон.

Кылмышкер келинин жана анын балдарын мыкаачылык менен өлтүрүп, качып кетет.

Эскерте кетсек, 24-майга караган түнү Таластын Ак-Башат айылында 27 жаштагы аял жана анын 4 жаштагы кызы менен 2 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Шектүү делген 48 жаштагы К.Н. аны кармоо учурунда көз жумду.

Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда жок кылынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>