Камчыбек Ташиевдин уулу Кыргызстандын футбол курамасына чакырылды

Камчыбек Ташиевдин уулу Кыргызстандын футбол курамасына чакырылды

Бүгүн, 24-майда Кыргыз футбол биримдиги дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагындагы беттештерге даярдануу үчүн кураманын окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулардын кеңейтилген тизмесин жарыялады. Белгилүү болгондой, Кыргызстан 6-июнда Малайзия жана 11-июнда Оман менен ойнойт.

Кеңейтилген тизмеге жалпы 33 футболчу кирген. Курамага чакырылган оюнчулардын арасында УКМКнын төрагасы, Кыргызстан футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин уул Эмир-Хан Кыдыршаев да бар.

33 оюнчудан турган команда машыгууларын Жалал-Абаддагы Барселона академиясында өткөрөт. Окуу-машыгуу жыйыны 27-майда башталып, 4-июнда жыйынтыкталат. Белгилей кетсек, окуу-машыгууларынын жыйынтыгы менен курамага 23 оюнчу кирет.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиевдин уул Эмир-Хан Кыдыршаев 19 жашта. 2019-жылы ал италиялык Паоло Росси футбол академиясына өткөн. Кийинчерээк испаниялык «Леванте» футбол клубунун академиясында машыга баштаган. 2022-жылы Эмир-Хан Кыдыршаев «Барселонанын» жаштар курамасынын катарына киргени кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>