Экотехинспекциянын башчылыгына Мырзабек Жыпаркулов келди

18.02.2020 | 16:44

Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жыпаркулов 2015-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун техникалык блок боюнча орун басары болуп иштеген.

Буга чейин Экотехинспекцияны  жетектеп келген Жолдошбек Жунушев  февраль айынын башында кызматтан алынган.

24-январда  өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир катар чиновниктер кызматтан бошотулуп тартип жазага тартылмай болгон. Алардын арасында дал ушул Жолдошбек Жунушевдин да аты аталган.

Scroll to Top