МСК салыктарды санариптештирүүнү көздөп жатат. Бизнес үчүн эмнелер өзгөрүшү мүмкүн?Парламентте мектеп окуучуларына «смарт-кэжуал» стилинде кийинүүгө уруксат берүү сунушталдыКыргызстан менен Индонезия биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнү макулдаштыОрусиянын мунай продуктуларынын Борбор Азияга экспорту 15,5%га өстүКазакстан кен байлыктарын издөөгө 40 млрд теңге жумшайтКыргызстан Казакстан менен чектешкен өткөрүү пункттарын жаңылайт
Рейтингдик мелдеш: Жумашбек уулу атаандашын тушеге басып, финалга чыкты (видео)
06.06.2024 | 17:03
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу Венгриядагы рейтингдик мелдештин финалына чыкты.
61 кг салмакта күрөшүп жаткан Жумашбек уулу таймашты 1/8 финалдан баштады. Ал биринчи жана экинчи беттештеринде атаандаштарын 13:0, 12:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты. Ал эми жарым финалда америкалык Аарон Гарретти тушеге басып, финалга чыкты.
Алтын үчүн кармашта армениялык Арсен Арутюнян менен күрөшөт.