Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Бишкектин мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландоодо
07.06.2024 | 16:22
Бишкектин мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландоодо. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна киргизилди.
Документте айтылгандай, Ош шаарына бериле турган троллейбустар 2001-2018-жылдар аралыгында ишке берилген. Алардын айрымдарынын иштеп жатканына 15 жылдан ашты. Ал эми троллейбустун иштөө мөөнөтү 20 жылдан ашпаш керек.
Ошол эле учурда мэрия 100 троллейбустун ордуна Бишкекке 120 электр автобус келерин, мындан улам борбор калаада элди ташууда маселе жаралбайт турганын билдирет. Аталган электр автобустар 2025-жылдын экинчи чейрегинде келет.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Бишкекте күнүнө 115-125 троллейбус каттамга чыгат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом