ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болотКыргызстан менен ЕРӨБ 400 млн евролук инфраструктуралык өнөктөштүк боюнча меморандумга кол койдуАскерлердин азык-түлүктөрүн уурдаган прапорщик кармалды
2 жаран Ысык-Көлдө жол тосуп, башаламандык уюштурмакчы болгон
11.06.2024 | 11:28
Ысык-Көлдө жергиликтүү фермерлерди жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алууга чакырыктар жасалган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
О.Ж.А. жана М.Б.А. аттуу 2 жаран миңден ашык WhatsApp группага аудио билдирүүлөрдү жөнөтүп, сүттүн баасына каршы акцияга чыгууну сунуштаган.
“Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, аудио жазууларда массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат”, – дейт УКМК.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом