Кыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду
Шакиев: Мугалимдердин айлыгы депутат-министрлердикинен кем болбошу керек
14.06.2024 | 15:48
Агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Жалал-Абад облусунун Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземинде билдирди.
Ал билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, акыркы жылдары 200дөн ашык мектеп пайдаланууга берилгенин айткан.
“Андан тышкары, мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул албетте чек эмес, дагы көп иштер жасалат. Анткени агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керек. Ошондо гана мектепке мыкты мугалимдерди тартып, билим берүүнүн сапатын көтөрө алабыз”, – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом