Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Каныкей Аранова 3,5 жылга соттолду
02.07.2024 | 16:02
Facebook колдонуучу, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Каныкей Аранова 3,5 жылга соттолду. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова билдирди.
Бишкек шаардык соту аны «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык таштоого» (327-берене) жана «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга» (330-берене) күнөөлүү деп тапты. Аранованын 11 жаштагы кызын туугандардын камкордугуна берүү чечими кабыл алынды.
Ал 30-январда Россияда кармалып, 1-февралда Кыргызстанга жеткирилген.
Эскерте кетсек, Каныкей Аранова Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан активист. Ал 2022-жылы кармалып, «майда бейбаштык» беренеси боюнча коомдук иштерге тартылган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом