Россиянын балбандары Олимпиадага катышуудан баш тартты

Россиянын балбандары Олимпиадага катышуудан баш тартты

Россиянын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандары Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышпайт. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Федерациянын маалыматында айтылгандай, россиялык балбандар санкциялык кысымга, негизсиз чектөөлөргө, мелдештерге команданын алдыңкы спортчуларынын катышуусуна жол берилбегенине карабай 18 жолдомонун 16сын алган. Июнь айынын ортосунда Эл аралык олимпиада комитети алардын ичинен 10 спортчуга гана Олимпиадага катышууга уруксат берген: федерация чакыруу алган 10 балбандын алтоо өлкөнүн алдыңкы спортчулары эмес экенин белгилейт. Маселен Абдулрашид Садулаев, Заурбек Сидаков, Заур Угуев, Муса Евлоев жана башка балбандарга Олимпиадага катышууга тыюу салынган. Мындан улам федерация машыктыруучулар штабы жана спортчулар менен жыйын өткөрүп, Олимпиада оюндарына катышуудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган.

«Биздин команданын биримдик принцибин бузууну көздөгөн Эл аралык олимпиада комитетинин тандоосуна каршыбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылы февралда Россия Украинага кол салып, эки өлкөнүн ортосунда согуш башталган. Ал азыркы күнгө чейин уланып келе жатат.

Ага байланыштуу бир катар мамлекет Россияга жана аны колдогон Беларуска санкция салган. Санкциялар россиялык жана беларус спортчуларын кыйгап өткөн эмес. Эл аралык олимпиада комитети согушту колдогон жана күч түзүмдөрү (же алардын спорттук уюмдары) менен байланышы бар балбандарга Париждеги оюндарга катышусуна бөгөт койгон. Жакында эле аталган комитет Олимпиадага катыша ала турган россиялык жана беларус спортчуларынын тизмесин жарыялаган.

Ошондой эле Россия менен Беларустун спортчулары Олимпиада оюндарына бейтарап спортчу катары гана катыша алат. Өлкө силволикаларын колдонууга тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>