Бишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү
Алматы – Борбор Азиядагы “эң кымбат шаар”, Бишкек үчүнчү орунда
08.07.2024 | 09:20
Numbeo сайтынын рейтингине ылайык, 2024-жылдын 6 айында Бишкек Борбор Азиядагы жашоо үчүн кымбат шаарлардын арасында үчүн орунду ээледи.
Борбор Азиядагы “эң кымбат шаар” деп Казакстандын Алматы шаары табылды. Кийинки сапта Астана, үчүнчү орунда Бишкек жана төртүнчүдө Ташкент турат.
Аталган рейтингге дүйнөдөгү 218 шаар кирген. Анда дүйнөнүн “эң кымбат шаары” деп Швейцариянын Женева калаасы, “эң арзан” деп Пакистандын Карачи шаары айтылат.
Кыргызстандын борбор калаасы дүйнөлүк рейтингде 197-орунга, Алматы – 164, Астана – 176 жана Ташкент 201-орунга жайгашкан.
Рейтинг колдонуучулар тарабынан турак үйдүн ижара акысы, азык-түлүк, тамактануучу жай жана башка мекеме-жайлардагы баалары тууралуу калтырылган маалыматтардын негизинде түзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом