Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 347,58 млн долларга жетти
08.07.2024 | 16:29
Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы бересе) 31-майга карата 6 млрд 347,58 млн долларды (556 млрд 683,11 млрд сом) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин документтеринде айтылат.
Анын ичинен ички карыз 1 млрд 806,74 млн долларды (158 млрд 451,18 сом), тышкы карыз 4 млрд 540,84 млн долларды (398 млрд 231,93 млн сомду) түзгөн.
Тышкы бересенин чоң бөлүгү – 1 млрд 661,2 доллар – Кытайдын Экспорт-импорт банкынан алынган карыз.
Ал эми ички бересе баалуу кагаздарды сатуунун негизинде түзүлгөн карыз – 1 млрд 790,06 млн доллар.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргызтандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн доллар болгон. Ошентип 5 айда карыз 67 млн долларга өскөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом