Ымыркайлардын скрининги ооруларды эрте стадиясында аныктоого жардам берет – Саламаттык сактоо министрлиги

17.04.2026 | 10:04

Кыргызстанда неонаталдык скрининг балдардын тубаса ооруларын эрте стадиясында аныктоого жана дарылоону өз убагында баштоого мүмкүндүк берет.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жыл сайын скринингдин аркасында ондогон тубаса оорулар клиникалык белгилери пайда болгонго чейин эле аныкталууда.

Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда 2019-жылдан бери жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ооруларын эрте диагноздоого багытталган неонаталдык скрининг бөлүмү иштейт.

Бул программа 2019–2030-жылдарга карата «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» улуттук стратегиясына киргизилгени жана оор илдеттердин алдын алуунун негизги куралдарынын бири болуп саналаары белгиленет.

Эгерде 2019-жылы текшерүү тубаса гипотиреозго гана жүргүзүлсө, азыр ал фенилкетонурияны жана адреногениталдык синдромду да камтыйт.

Ымыркайларды камтуунун өсүшү белгиленүүдө: гипотиреоз боюнча изилдөөлөр 2020-жылдагы 24 427ден 2025-жылы 84 216га чейин жеткен. 2023-жылдан тарта фенилкетонурияга скрининг киргизилип, ал аркылуу 2025-жылы 49 713 ымыркай камтылган. 2025-жылдын апрелинен баштап адреногениталдык синдромго текшерүү жүргүзүлүп, 60 753 изилдөө аткарылган.

Муну менен катар эрте диагноз коюунун башка багыттары боюнча да иштер жүргүзүлүүдө.

2025-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайларга 24 400 аудиологиялык текшерүү жана ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясын аныктоо боюнча 2 584 кароо жүргүзүлгөн. Өлкөдө жыл сайын 30–40ка жакын тубаса гипотиреоз, 2–3 фенилкетонурия, 50–60 угуунун начарлашы жана 90–100 ара төрөлгөндөрдүн ретинопатиясы катталат.

Аныкталган бардык балдар адистердин көзөмөлүндө болуп, керектүү дарылануудан өтүшөт.

Scroll to Top