Баткенге Бишкектен учак учпай жатат

08.07.2024 | 14:15

Баткенге учактар учпай жатат. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, өткөн жумада пландалган каттамдар болбой, аэропорттон жүргүнчүлөргө себебин түшүндүрүшкөн эмес.

“Кары-картаңдарга, ооругандарга кыйын болду. Бир учак бар экен, ал дагы бузулуп калыптыр. Көпкө чейин учпайт деп жатышат”, – дейт жергиликтүү тургундар.

“Манас” аэропорту так жооп бере алган жок.

“Каттам учпай калганы боюнча бизде расмий билдирүү жок, болор-болбосун дагы айта албайм. Авиакомпаниянын өзүнө кайрылыңыздар”, – дейт аэропорт.

Ички каттамдарды аткарган Tez Jet компаниясынын  сайтында бул боюнча эч кандай кабар жок жана көрсөтүлгөн телефон номурларына чалып,  байланышууга дагы мүмкүн болбоду.

Bilet.kg компаниясында Раззаков менен Баткен шаарына 9-10-июлга пландалган каттамдар токтотулганын айтышты.

“Бир ай бою каттам болбойт, себеби бизге белгисиз”, – деди алар.

1-июль күнү Раззаковго учкан учак жолдо бузулуп, кайра Бишкекке кайтып келген.

Белгилей кетсек, аталган багыттар боюнча билет баасы 4, 5 миңден 6,5 миң сомго чейин сатылып жаткан.

https://reporter.kg/lejlekke-uchkan-uchaktyn-kyjmyldatkychy-ishten-chygyp-zholdon-kajtyp-kelgen/

 

 

Scroll to Top