Мэр Бишкектен троллейбустар толугу менен алынарын билдирди

Мэр Бишкектен троллейбустар толугу менен алынарын билдирди

Бишкекте троллейбустар толугу менен алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, шаарда троллейбустардын ордуна автобустар каттайт.

«Биз бардык аракеттерибизди шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн жасап жатабыз. Кыйма-чийме троллейбус линиялары алынат. Учурда жарнамалык (шаар -ред.) такталардан тазаланууда. Электр зымдар, кабелдер жердин асты менен алынып өтүүдө. Экинчиден, троллейбус өз багыты боюнча белгилүү бир көчөлөр менен гана жүрөт. Аны убактылуу башка көчөлөргө бура албайбыз. Электр автобустар жана башка транспорт каражаттары мобилдүү болгондуктан, тыгын маселесин чечүүдө жардамы да тиет. Ошондой эле биз троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөрдүн саны кыскарганын да байкап, ушундай чечимге келдик», — деди мэр.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Бишкектеги 100 троллейбусту Ош калаасына берүүнү пландап жатканы белгилүү болгон. Бул демилгеге активисттер каршы чыгышкан.

Азыркы тапта Бишкекте №11 жана №14 троллейбустар гана каттамга чыгып жатат.

Бишкектин мэриясы Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландоодо

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>