Күн күркүрөп, чагылган болгон кезде коопсуздук чараларын көрүү өтө зарыл. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Алар төмөнкүлөр:
— эгерде сиз калктуу конушта болсоңуз терезе эшиктерди, морду жана желдетүү тешиктерин жабыңыз;
— мешке от жакпаңыз! Анткени меш түтүгүнөн чыккан жогорку температурадагы газ чагылганды өзүнө тартат;
— уюлдук телефон менен сүйлөшпөңүз себеби бул учурда электр мамычаларынын ортосунда созулган зымдарга чагылган тиет;
— эгерде сиз токойдо болсоңуз токойдун ачык аянтына шашылыңыз. Бийик бактардан, өзгөчө карагайдан, эменден, теректен алыс болгонуңуз дурус;
— суу объектисинде же анын жээгинде калбаңыз. Жээктен алыстап, бийик жерден ойдуңга түшүңүз.