Кыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилдиVI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын датасы аныкталдыБишкекте түрк мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөтТилемчиликтин жаңы түрү. Эмне үчүн мамлекет башчыларынан үй сурагандар көбөйдү?
150 чет элдик жаран “Мекен-карт” алды
18.07.2024 | 19:00
2024-жылдын алты айында 97 адам чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш макамына ээ болду. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
«Мекен – карт» улуттук демилге иштей баштагандан бери 187 арыз кабыл алынып, анын ичинен 150 арыз канааттандырылган.
Өткөн жылдын март айынан тарта Кыргызстандын мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери мекендеш макамын алууга арыз берүүгө укуктуу.
“Мекен-карт” Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүнү жана калууну, билим берүү жана медицина кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн, уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштурбастан эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жана башка көптөгөн нерселерди камсыз кылат.
Арыздарды кароо мөөнөтү – 1,5 – 3 ай.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом