Ымыркайлардын скрининги ооруларды эрте стадиясында аныктоого жардам берет – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүү ниетинде17-апрель: Көпчүлүк аймактарга жаан жаап, күн сууктайтКыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашты
Райымбек Матраимовдун каерде экендиги тууралуу маалымат берилди
19.07.2024 | 11:44
Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов үй камагына чыгарылган эмес. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Соттон билдиришти.
Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун бөгөт чарасы каралган жок.
УКМК дагы маалыматты четке кагып, мурдагы бажычы абакта экенин тактады.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров кечээ анын үй камагына чыгарылганын жазган.
Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Кийинчерээк ал УКМК тарабынан 26-мартта Азербайжандан Бишкекке алынып келген.
Ал 26-августка чейин камалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом