Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилди
Кыргызстандык окуучу физика боюнча эл аралык олимпиадада коло утту
29.07.2024 | 11:29
Кыргызстандык окуучу Бектур Баратали Иранда өткөн физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Бектур Баратали – Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Ошондой эле А. Молдокулов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамотага татыган.
Белгилей кетсек, Бектур Бараталини мугалим Дүйшөн Сатыбалдыев, Аскар Абдиевди –Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев даярдаган. Олимпиада 21-28-июль күндөрү өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом