Бишкекте «Борбордук Азия – Корея» бизнес-форуму өтөтБишкек абасы эң булганган ири шаарлардын дүйнөлүк рейтингинде 11-орундаОштогу Гагарин мектеби оңдоп-түзөөдөн кийин ачылдыМетронун ордуна трамвайлар жана борборду бошотуу: питердик адистер Бишкектин кантип өзгөрөрүн айтыштыБашаламан, ыш жана тыгындар: адистер Башкы план талкуусунда Бишкекке жагымсыз тыянак чыгарыштыБишкектин мэри жаңы Башкы пландын долбоорун тааныштырып, эски карталардагы каталарды ачыктады
Чаткалдагы “Кичи-Чаарат” фабрикасында жумушчу каза болду
01.08.2024 | 12:15
Жалал-Абаддын Чаткал районунун Чакмак-Суу айылындагы “Кичи-Чаарат” байытуу фабрикасында иштеген жумушчу каза болду. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Окуя 30-июлда болжол менен саат 07:30да болгон. Жумушчу фильтр-пресс аппаратынын ичине түшүп, кароо жүргүзүп жатканда, жабдык белгисиз себептерден улам иштеп кетип, жумушчуну кысып калган. Ал алган жараатынан улам көз жумган.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Малкум (М.А.) 39 жашта болгон. Ал аталган ишканада 2019-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом