Токтом долбоору: Айдоочулар унааны техникалык кароодон өткөрүүгө милдеттендирилет

Токтом долбоору: Айдоочулар унааны техникалык кароодон өткөрүүгө милдеттендирилет

Кыргызстанда автоунааны милдеттүү техникалык кароодон өткөрүүнү кайра кайтаруу пландалууда. Тиешелүү токтом долбоору Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.

Министрлик сунуштаган документте айтылгандай, милдеттүү техникалык кароо дароо киргизилбейт. Ал 2024-жылдан 2027-жылга чейин баскыч-баскыч менен ишке ашырылат. Бул демилге жол коосуздугун камсыздоо, экологиялык абалды жакшытуу максатында жасалууда. Кыгызстанда 1,6 миллиондон ашык унаа бар, аладын ичинен 1 млн 387 миңден ашыгынын колдонуу мөөнөтү 15 жылдан ашкан.

Токтом кабыл алынып калса, 5 жылдан ашык колдонулган унаалар техникалык кароодон өтүп турушу керек болот.

Азыркы тапта өлкөдө ишкерлик максатта колдонулган унаалар (жүк жана жүргүнчү (такси) ташыган), атайын унаалар (тез жардам, өрт өчүрүүчү унаа, эвакуатор ж.б.) милдеттүү түрдө кароодон өткөрүлүшү керек. Ал эми калган унаалар ыктыярдүү түрдө текшерүүдөн өтсө болот.

Кыргызстанда унааны милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү талабы 2012-жылы алынып салынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>