КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Таласта 4,2 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды
01.08.2024 | 18:00
Таластын Бакай-Ата районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалым болгондой, райондук прокуратура Түйтө айылында турак жай куруу үчүн каралган 4500 чарчы метр жер жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган. Көзөмөл органы бул факт боюнча сотко кайрылып, жер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган жердин баасы 4,2 млн сомду түзөт.