УКМК мамлекетке кайтарган Бишкектеги 2,5 гектар жер сатыкка коюлду

УКМК мамлекетке кайтарган Бишкектеги 2,5 гектар жер сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Бишкектин Жал-29 кичирайонундагы 2,5 гектар жер аукцион аркылуу сатыларын жарыялады.

Аталган жер «Тыналиев көчөсү, 11» дарегинде жайгашкан. Анын баштапкы баасы 698 млн 541,6 миң сомду түзөт.

Электрондук аукцион 8-августта саат 14:00до http://auctionetp.gov.kg соода аянтчасында өтөт. Ага катышууну каалаган жарандар жана компаниялар арыздарын 8-августка саат 09:00го чейин жөнөтө алат.

Кененирээк маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтынан алууга болот.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкектин Жал кичирайонундагы 2,5 гектар жер 2011-жылы мыйзамсыз сатылып кеткенин жана ал жерди мамлекетке кайтарганын кабарлаган.

УКМК: Бишкекте 1 млрд сомдук жер мамлекетке кайтарылды

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>