ЖКда 2027-жылы онкологияга бөлүнчү каражатты көбөйтүү сунушталдыАмангелдиев Бишкекте жашаган 100 жаштагы жарандардан кабар алдыСыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга ниети бар экенин билдирдиБишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалдыКыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак берилүүдөАзия оюндары: грек-рим күрөшүндө Асан Жанышов финалга чыкты
УКМК мамлекетке кайтарган Бишкектеги 2,5 гектар жер сатыкка коюлду
02.08.2024 | 10:00
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Бишкектин Жал-29 кичирайонундагы 2,5 гектар жер аукцион аркылуу сатыларын жарыялады.
Аталган жер “Тыналиев көчөсү, 11” дарегинде жайгашкан. Анын баштапкы баасы 698 млн 541,6 миң сомду түзөт.
Электрондук аукцион 8-августта саат 14:00до http://auctionetp.gov.kg соода аянтчасында өтөт. Ага катышууну каалаган жарандар жана компаниялар арыздарын 8-августка саат 09:00го чейин жөнөтө алат.
Кененирээк маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин сайтынан алууга болот.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкектин Жал кичирайонундагы 2,5 гектар жер 2011-жылы мыйзамсыз сатылып кеткенин жана ал жерди мамлекетке кайтарганын кабарлаган.
https://reporter.kg/ukmk-bishkekte-1-mlrd-somduk-zher-mamleketke-kajtaryldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом