Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын 16-июнунда Э.К. милицияга кайрылган. Ал 2023-жылдын 6-апрелинде батир сатуу шылтоосу менен 30 миң АКШ долларын ээлеп алып, андан соң байланышпай, жашаган жерин жашырып кеткен А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган.
Аталган фактынын негизинде Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү делип 2000-жылы туулган К.у.А аттуу жаран кармалган. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз