Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Ошто өлкөгө мыйзамсыз алынып келген жүк ташуучу унаа аныкталды
06.08.2024 | 17:03
«Ош» бажысынын кызматкерлери өлкөгө мыйзамсыз алынып келген жүк ташуучу унааны аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Кара-Суу районунун Каратай айылында Кыргызстандын жараны Т.З. башкарып бараткан SHACMAN унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө унаанын VIN каттоо белгилери унаанын документтерине дал келбегендиги аныкталган. Иштин бардык жагдайлары такталганга чейин унаа убактылуу бажы көзөмөл аймагына коюлган.
Чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом