УКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтМоскванын мэри мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолукту
Жалал-Абадда сабалган аялдын окуясы териштирилүүдө
12.08.2024 | 15:16
Жалал-Абадда күйөөсүнөн токмок жеген аял милицияга арыз жазып, иш териштирилүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
8-август күнү келин ооруканага кайрылып, аны күйөөсү сабаганын айткан. Зомбулукка кабылган жаран 9-август күнү гана арыз жазып, анын жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ошол эле күнү күйөөсү тергөөгө жеткирилип, ал уруш учурунда аялы колун тиштеп алгандыктан бетине чаап салганда мурду канап кеткенин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом