Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келдиТоктогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев «Ош-Сити» компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады
Америкада трак айдаган 38 жаштагы кыргыз аял каза болду
16.08.2024 | 16:37
АКШнын Пенсильвания штатынын Карбон округундагы I-80 (Interstate) штаттар аралык автомагистралында жол кырсыгында 1986-жыл туулган Б.С. аттуу жаран каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгынан кийин маркумдун сөөгү мекенине жеткирилет.
Америкалык медианын маалыматында, аталган жолдо оор жүк ташуучу унаа катышкан кырсык 2 күн мурда катталган. Анда айдоочу тракты буруп жатып, даракты сүзүп алып, унаасы күйүп кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом