Жогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталдыБишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздү
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспектор дагы эле комада
20.08.2024 | 12:49
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен автоинспектор Элистан Арзыбеков Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө, комада жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Анын абалы оор, башынан бир нече жаракат алган. Министрликтин билдирүүсүндө бейтап керектүү дары-дармектерди алууда.
Бүгүн анын ахыбалы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышты. Элистан Арзыбековго МРТ жасоо пландалууда.
Эскерте кетсек, автоинспекторду 15-августта Чолпон-Атада унаа сүзүп кеткен. Кесиптештеринин жана жакындарынын кайрылуусунан кийин ал Бишкектеги ооруканага которулган.
Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен инспекторду Бишкекке алып келишти
Рубрики: Жаңылыктар, Коом