Камактагы Адыл Акжол уулунун апасы Жапаровго жана Ташиевге кайрылды

Камактагы Адыл Акжол уулунун апасы Жапаровго жана Ташиевге кайрылды

УТРКнын жана ЭлТРдин директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун апасы Айнура Сартмаматова президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге видеокайрылуу жасап, уулун үй камагына чыгарууга жардам берүүнү суранды.

Уулу 20 күндөн бери камакта отурганын айткан эне, анын ишинде жылыш жок экенин билдирди.

«Балам өкмөттү колдоп жүрчү. Уулумдун эмне себептен кармалганын түшүнбөй турам. Карапайым адаммын, юрист эмесмин. Балам Адылга элди башаламандыктарга чакырган деген айып коюлуп жатат. Бул берене менен макул эмесмин. Балам эч жакка качып кетпейт, өзүмдүн көзөмөлүмдө болот. Бишкекте батирде турабыз. Чиедей болгон эки кызы бар. Ушул балам эле бизди бакчу. Сиздерден уулумду үй камагына чыгарууга жардам берүүнү суранам», — дейт Адыл Акжол уулунун апасы видеокайрылуусунда.

«Азаттык» жазгандай, 33 жаштагы журналист Адыл Акжол уулу 4-августта кармалып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 5-августтагы чечими менен 4-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. УКМК ага Кылмыш-жаза кодексинин «массалык башаламандыктар» беренеси менен айып таккан.

Адвокаты Назик Ажымаматова анын кармалышына быйыл июлда каза болгон 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын өлүмү тууралуу макала себеп болгонун «Азаттыкка» билдирген.

Адыл Акжол уулу маркум келиндин кайын атасынан дээрлик бир сааттык маек алып өзүнүн Ютубдагы баракчасына чыгарганы талкууга түшкөн. Бир катар укук коргоочулар, журналисттер Адыл Акжол уулу тарткан видеону бир жактуу деп айыптап чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>